Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 18:50
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

«Электр станциялар» компаниясы Бишкек ЖЭБ үчүн көмүрдүн биринчи партиясын сатып алды

18.07.2021 19:38
1205
«Электр станциялар» компаниясы Бишкек ЖЭБ үчүн көмүрдүн биринчи партиясын сатып алды

«Электр станциялар» компаниясы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2021-2022-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жөнүндө токтомунун алкагында Бишкек ЖЭБин күйүүчү май менен камсыз кылат.


Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн D маркасындагы көмүрдүн биринчи партиясы келди. «Ал 25 вагон түзөт, көмүр жогорку калориялуу, Казакстандын Кара-Жыра кенинен казылып алынган»,-деп айтылат компаниянын маалыматында.


Жалпысынан келишим боюнча, 643 миң тонна көмүр 2022-жылдын апрелине чейин жеткирилет.


Эске салсак, Бишкек ЖЭБи өлкөнүн түндүгүндө электр энергиясын өндүрүүнүн бирден-бир негизги булагы болуп саналат, аны өндүрүү өлкөнүн жалпы керектөөсүнүн 1/10 бөлүгүнө чейин жетет.


Ошондой эле, бардык керектүү оңдоо жана даярдык иштери жүрүп жатат. Электр станциялары компаниясы ар бир кыргызстандыктын жашоо сапаты үчүн ишенимдүү жана үзгүлтүксүз муунду камсыз кылат. Компания 7 гидроэлектростанцияны, Токтогул суу сактагычынын суу-энергетикалык режимин жана 2 жылуулук электр борборун башкарат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн