Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 03:06
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Электр энергиясын керектөө жыл сайын 5-7 пайызга өсүүдө

12.12.2023 14:34
406
Электр энергиясын керектөө жыл сайын 5-7 пайызга өсүүдө


Электр энергиясын керектөө жыл сайын 5-7 пайызга өсүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук электр тармагынын башкы директорунун биринчи орун басары Жолдошбек Доктурбай уулу Биринчи радиого билдирди.


Анын айтымында, 2023-жылы электр энергиясын суткалык керектөө 4 миллион киловатт-саатка көбөйгөн. Эгерде өткөн жылы алар суткасына 62 миллион киловатт-саат электр энергиясын керектесе, азыр 66га жетти.


Жолдошбек Доктурбай уулу кошумчалагандай, 2022-жылдын январында электр энергиясын максималдуу керектөө – суткасына 75 миллион киловатт-саат болгон.


«Өткөн жылы январь айы абдан суук болгондуктан, керектөө көбөйгөн. Бирок биз электр энергиясын нормадан ашык пайдалана албай турганыбызды эске алуу керек», - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн