Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 21:00
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Элдик курултай: ИИМге эки күндө 50дөн ашык кайрылуу келип түштү

16.12.2023 17:44
486
Элдик курултай: ИИМге эки күндө 50дөн ашык кайрылуу келип түштү


Бүгүн, 16-декабрда Бишкекте өлкөнүн бардык аймактарынан келген делегаттардын катышуусунда өтүп жаткан экинчи Элдик Курултайга Ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков катышып, Укук тартиби боюнча делегаттардын кайрылууларын кабыл алууда.


ИИМдин басма сөз бөлүмүнүн маалыматына ылайык, иш-чаранын эки күнүндө 50дөн ашык кайрылуу болуп, ичинен 19-сунуш, 3-ыраазычылык келип түштү. Калганы милициянын күнүмдүк иши, тергелип жаткан кылмыш иштери жана кылмыштардын алдын алуу маселелери боюнча кайрылуулар болду.


Ички иштер министрлигинин башчысы келип түшкөн бардык арыздарды жана кайрылууларды жеринде тиешелүү кызматтарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык объективдүү, ыкчам чечимдерди кабыл алууну көрсөтүү менен тапшырууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн