Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 22:11
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Элчи Артыкбаев Монголиянын санариптик өнүктүрүү министри менен жолугушту

14.08.2024 16:56
383
Элчи Артыкбаев Монголиянын санариптик өнүктүрүү министри менен жолугушту


Кыргызстандын Монголиядагы элчиси Айбек Артыкбаев Монголиянын Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана коммуникациялар министри Цэндийн Баатархүү менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар санариптик өнүгүү чөйрөсүндө кыргыз-монгол кызматташтыгын өнүктүрүү, атап айтканда санариптик платформаларды, маалыматтык системаларды жана маалымат базаларын мамлекеттик процесстерге киргизүүнү талкуулашты.

Элчи Артыкбаев Кыргызстан Монголиянын санариптик экономика жаатындагы эң мыкты тажрыйбасын жана билимин өздөштүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Өз кезегинде Баатархүү монгол тараптын санариптик өнүктүрүү жаатында Кыргызстан менен ар тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирип, жакынкы келечекте өз ара кызматташуунун негизги багыттарын аныктоону сунуштады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн