Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 16:40
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Элчи Аманбаев жана АКШ мамкатчысынын жардамчысынын орун басары кызматташтыкты талкуулашты

12.03.2024 10:00
269
Элчи Аманбаев жана АКШ мамкатчысынын жардамчысынын орун басары кызматташтыкты талкуулашты


Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчиси Бакыт Аманбаев АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбордук жана Түштүк Азия боюнча жардамчысынын орун басары Джон Поммершайм менен жолугушту.

Дипломатиялык өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Элчи Аманбаев ар түрдүү деңгээлдеги жолугушууларда жетишилген макулдашууларды өз убагында ишке ашыруунун, эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди прогрессивдүү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн, анын ичинде эки өлкөнүн банктарынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү зарылдыгын белгиледи.

Өз кезегинде америкалык тарап өз ара пайдалуу кыргыз америка кызматташтыгын чыңдоого жана өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн