Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 08:22
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Бишкекке 200 автобус алынып келинет

27.07.2021 11:48
1233
Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Бишкекке 200 автобус алынып келинет

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Бишкек шаарында 200 жаңы автобус жүргүнчүлөрдү ташый баштайт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов маалымат жыйынында билдирди.


Анын айтымында, Бишкекке кийинки жылы 1000 автобус алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.


"Июнь айында линияга Өзбекстанда чыгарылган ISUZU үлгүсүндөгү 50 автобус кирди. Бул компания менен түзүлгөн келишимдин алкагында автобустарды жеткирүү улантылууда. Азыр 40ка жакын автобус келди. 31-августка чейин линияга 200 автобус чыгарууну пландап жатабыз. 2023-жылга чейин газ менен жүрүүчү 1000 унаа жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрөт",- деди Бактыбек Кудайбергенов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн