Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 06:17
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Эдил Байсалов Баткен облусунун эли менен жолугат. Дареги жана убактысы

29.07.2024 18:22
389
Эдил Байсалов Баткен облусунун эли менен жолугат. Дареги жана убактысы


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлары Кыргызстандын аймактарын кыдырып, эл менен жолугушууларды өткөрөт. Баткен облусуна минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов барат.

Алдыда Баткен облусундагы белгиленген жолугушуунун өтө турган дареги жана убактысы боюнча маалымат сунушталат:

- 1-августта Лейлек району жана Сүлүктүү шаарында белгиленген жолугушуу саат 10:00дө Раззаков шаарындагы маданият үйүндө болот;
- Баткен району жана Баткен шаарындагы жолугушуу 1-августта саат 16:00дө А.Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрында өтөт;
- Кадамжай районундагы жолугушуу 2-августта Ж.Мамажанов атындагы маданият үйүндө саат 10:00гө башталат;
- Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен жолугушуу 2-августта саат 14:00гө шаардык мэриянын жыйындар залында болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн