Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 19:06
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

«EXPO 2020»: Дубайдын эмири Мохаммед ибн Рашид Аль Мактум Кыргызстандын павильонуна барды

14.12.2021 14:36
614
«EXPO 2020»: Дубайдын эмири Мохаммед ибн Рашид Аль Мактум  Кыргызстандын павильонуна барды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмиратынын Вице-президенти, Премьер-министри, Дубайдын эмири Мохаммед ибн Рашид Аль Мактум менен Кыргыз Республикасынын Улуттук павильонуна барды.


Кыргыз павильонунун көргөзмө стенддери менен таанышуу учурунда Бириккен Араб Эмиратынын Вице-президенти, Премьер-министри, Дубайдын эмири Мохаммед ибн Рашид Аль Мактумга кыргыз элинин тарыхы жана маданияты, ошондой эле туристтик потенциал, экономикалык өз ара аркеттенүү жана кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берилди.


Белгилесек, 14-декабрда Дубай шаарында «EXPO 2020» дүйнөлүк көргөзмөсүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук күнүнө арналган иш-чара өтөт. Көргөзмөнүн аймагында ар кыл маданий иш-чаралар өткөрүлөт.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн