Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 23:06
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Дүрбөлөңгө түшпөңүздөр. Кыргызстанда машыгуунун алкагында сирена жаңырат

02.10.2023 10:49
370
Дүрбөлөңгө түшпөңүздөр. Кыргызстанда машыгуунун алкагында сирена жаңырат


Эртең, 3-октябрда саат 10:00дөн 11:00гө чейин Бишкек, Ош шаарында жана облус, райондордун борборлорунда 5 мүнөткө чейин сиреналар катуу жаңырып, машыгуу өтөт.

ӨКМден билдиришкендей, машыгуу өзгөчө кырдаалдар катталган учурда жарандардын өзүн алып жүрүү, адам өмүрүн сактоо, материалдык чыгымдарды азайтуу максатын көздөйт.

Иш-чара “5-октябрь – Кыргызстанда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө” карата уюштурулат.

Аталган иш-чарага республиканын бардык мамлекеттик ведомстволору, билим берүү мекемелери, менчигинин түрүнө карабастан мекеме-ишканалардын катышуусу мерчемделген.

Ведомство жарандарды сиренанын үнүн укканда дүрбөлөнгө түшпөөгө чакырат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн