Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 19:20
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Дордой базарында мечиттен чыккан өрт 4 контейнерге өткөн

Дордой базарында мечиттен чыккан өрт 4 контейнерге өткөн


Бишкек шаарынын Свердлов районунун Ибраимов көчөсүндө жайгашкан "Дордой Мурас" базарынын жанында жайгашкан мечиттен өрт чыгып, өрттүн жалыны жанындагы 4 контейнерге өткөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Өрттү өчүрүүгө саат 01:38ден тарта ӨКМдин Өрткө каршы куткаруу бөлүктөрүнөн 3 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган. 


Тилсиз жоо саат 02:19да чектөөгө алынып, саат 04:03дө толук өчүрүлгөн.


❕Өрттүн кесепетинен жыгач устундуу калай менен жабылган жалпы аянты 230 чарчы метр мечиттин 1 бөлмөсү, кароолчу отурган бөлмө жана мечитке жанаша жайгашкан 4 контейнер толугу менен күйгөн. 


Такталган маалыматка ылайык жабыркагандар жок. 


Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн