Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн жыйында Жогорку соттун судьялык кызматына шайлоо үчүн Нурбек Эсеналиевдин жана Бакыт Усубалиевдин талапкерлигин карады.
Талапкерлерди президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырып, сунуштама президент тарабынан киргизилгенин билдирди.
Эл өкүлдөрү талапкерлердин «КР судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 19-беренесинин талаптарына ылайык келерин белгилеп, бир добуштан колдоо менен Жогорку соттун судьялык кызматына шайлоого макулдук берди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн