Теке 07, 2025
Убакыт: 17:15
USD
87.30
87.80
EUR
102.50
103.50
RUB
1.105
1.130

Депутат анонимдүү жарнамаларга тыюу салууну сунуштады

07.07.2025 14:10
15
Депутат анонимдүү жарнамаларга тыюу салууну сунуштады


Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев анонимдүү жарнамаларга тыюу салууну сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. 


Эл өкүлүнүн айтымында, мамлекет тарабынан алдамчылыкка каршы күрөш жана элдин санариптик сабаттуулугун арттырууга багытталган иштер күчөтүлүүдө. Ошол эле учурда интернеттеги анонимдүү жарнамалар калкты алдоонун негизги куралы болууда. 


"Учурда миңдеген жарнамалар эч кандай текшерүүсүз жайгаштырылып, фишинг-сайттар, жалган онлайн-дүкөндөр, каржылык пирамидалар жана "пайда алып келе турган инвестициялар" сыяктуу алдамчылык схемалар көзөмөлсүз тарап жатат. Ал эми мыйзам бузгандар жана жарнамалык платформалар жоопкерчиликке тартылбайт. Анткени алар жарнамадан киреше көрүп, ким жайгаштырганын текшеришпейт. Бул көрүнүш алдамчыларга ыңгайлуу шарт түзүп, мыйзамсыз ишмердиктин гүлдөшүнө алып келүүдө. Жарнама берүүчүлөр идентификацияланбаса мамлекет аларды ыкчам бөгөттөп же жоопко тарта албайт", — деп айтылат документтин негиздемесинде. 


Мындан улам мыйзам долбоору даярдалып, ага ылайык: 

- каттоодон өтпөгөн жарнама берүүчүлөргө интернет аркылуу жарнама жайгаштырууга тыюу салынат; 

интернеттеги жарнамалык платформалар жарнама берүүчүлөрдү каттоодон өткөрүүгө милдеттүү болот; 

- каттоо тартибин электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктайт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн