Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 02:47
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Депутат: Чек арада талкаланган үйлөрдүн курулушу жай жүрүп жатат

12.10.2022 10:28
363
Депутат: Чек арада талкаланган үйлөрдүн курулушу жай жүрүп жатат

Чек арада талкаланган үйлөрдүн курулушу жай жүрүп жатат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева парламенттин бүгүнкү жыйынында билдирди.


Анын айтымында, кыш жакындап калганына карабай үйлөрдүн курулушу жай жүрүүдө.


"Тажикстандын кол салуусунан талкаланган үйлөрдүн курулушу башталды. Бирок жай жүрүп жатат. Ал эми социалдык объекттердин курулушу азырга чейин баштала элек. Аларды куруу үчүн тендер өткөрүү керек экен. Кышка бир жарым ай убакыт калды. Балдар бакчасы, мектеп, айыл өкмөтүнүн имараты жок. Балдар кандай кылат? Кантип билим алат? Курулуш иштерин тездетүү керек",- деди депутат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн