Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 00:39
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Депутат: Айдоочуларды сынактан өткөрүүдөн мурун “гаишниктердин” билимин текшериш керек

08.04.2025 17:11
139
Депутат: Айдоочуларды сынактан өткөрүүдөн мурун “гаишниктердин” билимин текшериш керек


Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Жакышов айдоочуларды сынактан өткөрүүдөн мурун инспекторлордун билимин текшерүүгө чакырды.


Анын айтымында, 4-5 жыл мурда жол милициясынын жетекчилик кызматтагы өкүлү коопсуздук курун тагынганды билбей, элге уят болгон.


"Ошондой эреже билбеген "гаишниктер" жол эрежелерин кантип сурайт? Айдоочуларды сынактан өткөрүүдөн мурун жол милициясынын билимин текшериш керек", — деди эл өкүлү.


Депутат 1-сентябрдан тарта айдоочулардан жол эрежелерин ким сурап, кандай тартипте суроолор берилерине кызыкты.


"Азыр суроолорду берүүнүн механизмин иштеп чыгып жатабыз. Ар кандай варианттар болууда. Дагы бир жолу айтайын, жол эрежесин бузгандар гана оозеки суралат. Эреже менен бараткандарды сурамак түгүл токтотконго акыбыз жок. Гаишник токтотуп алып эле "буга жооп бер" деп сынакка жөнөткөнгө жол бербейбиз", — деди ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев.


Буга депутат аталган демилге коррупциялык тобокелдиктерди жаратышы ыктымал экенин кошумчалады.


Эске салсак, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 1-сентябрдан баштап эреже бузгандардын айдоочулук билими текшерилет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн