Баш оона 01, 2025
Убакыт: 22:20
USD
87.30
87.80
EUR
99.40
100.40
RUB
1.080
1.110

Депутат 1-июнду эс алуу күнү деп белгилөөнү сунуштады

02.06.2022 11:04
666
Депутат 1-июнду эс алуу күнү деп белгилөөнү сунуштады

Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев 1-июнь бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүн Кыргызстанда эс алуу күнү деп белгилөөнү сунуштады. 


Депутаттын айтымында, Кыргызстанда үй-бүлөлүк эс алуу күндөрү аз.


"Кыргызстанда эс алуу күндөрү жалаң саясатка байланыштуу. Үй-бүлөлүк эс алуу күндөрү жок. Ошондуктан 1-июнду эс алуу күнү катары белгилөөнү сунуштайм. 

Министрлер кабинети сунушка өзүнүн пикирин билдирсе, мен мыйзам долбоорун иштеп чыгууга даярмын",- деди депутат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн