Кулжа 21, 2025
Убакыт: 07:47
USD
87.30
87.80
EUR
100.20
101.20
RUB
1.100
1.130

“Деңиз болууну кааласаң, адамдардын сөзүнө маани бербе”

08.02.2024 12:24
361
“Деңиз болууну кааласаң, адамдардын сөзүнө маани бербе”


Бир бала деңиз жээгинде жүрүп, бут кийимин түшүрүп алып, таппай калды. Ал жээктеги кумга келип, “Бул деңиз – ууру” деп жазып койду.


Бир балыкчы ошол деңизге тор таштап, бир топ балык кармады. Анан кумга “Бул деңиз – мээримдүү” деп жазып кетти.


Бир жаш жигит ошол деңизге чөгүп кетти. Апасы азап тартып, жээкке “Бул деңиз – жан алгыч” деп жазып калтырды.


Бир кары адам ушул деңизден өтө баалуу таш таап алды. Ал да кумга келип, “Бул деңиз – жоомарт” деп жазып кетти.


Соңунда жээкке улуу толкун келип, жазуулардын баарын өчүрүп кетти. Ошондо деңизден мындай добуш угулду: “Деңиз болууну кааласаң, адамдардын сөзүнө маани бербе...”.  

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн