Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 21:53
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Дастан Бекешев депутаттарды манжа изи менен каттоодон өткөрүүнү сунуштады

17.01.2022 09:11
805
Дастан Бекешев депутаттарды манжа изи менен каттоодон өткөрүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев депутаттарды манжа изи менен каттоодон өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы каналы аркылуу билдирди.


Анын айтымында, мындай ыкма колдонулса ар бир депутат өзү үчүн гана добуш бере алат.


"Мыйзам Конституцияда жазылгандай ар бир депутаттын өзү тарабынан кабыл алынышын керек. "Кнопка баскыч" депутаттардан кутулуу үчүн каттоодон депутат жеке өзүнүн манжа изи менен же Face ID менен каттоодон өтүш керек. Ошондо бир депутат башкасынын ордуна добуш бере албайт",- деди Бекешев.


Ошондой эле, депутат Ак үйгө келген адамдарды кийимине карабай киргизүүнү сунуштады. Анын айтымында, костюму жок адам Ак үйгө кире албай жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн