Кулжа 14, 2025
Убакыт: 20:34
USD
87.30
87.80
EUR
100.40
101.40
RUB
1.085
1.120

Дары-дармектерди алып саткандарга карата 8 кылмыш иши ачылды, - премьер

14.07.2020 15:45
1035
Дары-дармектерди алып саткандарга карата 8 кылмыш иши ачылды, - премьер


Дары-дармектердин баасын негизсиз көтөрүү боюнча 27 факт катталды. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов 14-июлдагы брифингде билдирди. 


Анын айтымында, бааны жогорулатуу боюнча 4 сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. 


"Дарыларды мыйзамсыз импорттоо боюнча 13, бааны көтөрүү максатында дарыларды атайын кампаларда кармап турган 2 учур боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылды.


Ал эми алып сатарларга карата 8 сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Мындай кыйын кырдаалда пайда көрүүнү көздөгөндөр жоопкерчиликке тартылат", - деди премьер-министр. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн