Бугу 31, 2025
Убакыт: 11:44
USD
87.30
87.80
EUR
98.80
99.80
RUB
1.105
1.140

Данияр Амангелдиев Astana International Forum эл аралык форумуна катышты

30.05.2025 09:39
51
Данияр Амангелдиев Astana International Forum эл аралык форумуна катышты


Күн мурун министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Казакстанга болгон жумуш сапарынын алкагында Астана эл аралык форумунун (Astana International Forum-2025) пленардык сессиясына катышты.


Белгилей кетсек, “Акылдарды бириктирүү – келечекти калыптандыруу” урааны астында өтүп жаткан бул форумга 70тен ашык өлкөдөн дүйнөлүк лидерлер, алдыңкы эксперттер жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү чогулду.


Иш-чарага Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Руанда президенти Поль Кагаме, Түндүк Македония президенти Гордана Силяновска-Давкова, Хорватия премьер-министри Андрей Пленкович, Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) башкы директору Цюй Дунъюй, Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун (ЭКӨУ) башкы катчысы Маттиас Корманн, Глобалдык жашыл өсүү институтунун (GGGI) президенти жана төрагасы Фрэнк Райсберман, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун 8-башкы катчысы Пан Ги Мун, БУУнун башкы катчысынын атайын өкүлү жана БУУнун Афганистанга көмөктөшүү боюнча миссиясынын башчысы Роза Отунбаева катышты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн