Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 18:25
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

COVID-19: Кыргызстанда акыркы суткада дагы 602 адамдан COVID-19 жаңы табылды

COVID-19: Кыргызстанда акыркы суткада дагы 602 адамдан COVID-19 жаңы табылды


Кыргызстанда 8-августка карата коронавирус дагы 602 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 287, Ош шаарында – 6, Чүй облусунда – 68, Ош облусунда – 18, Талас облусунда – 10, Нарын облусунда – 23, Ысык-Көл облусунда – 70, Жалал-Абад облусунда – 78, Баткен облусунда – 33 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 1 миң 478 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 10 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 2 миң 947 бейтап, амбулатордук түрдө 5 миң 359 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 169 миң 17 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 156 миң 925 киши айыгып чыкса, 2 миң 399 адам каза болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн