Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 19:48
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Чүйдөгү №1 колонияда чыккан чуу токтотулду

27.01.2024 17:30
377
Чүйдөгү №1 колонияда чыккан чуу токтотулду


Чүйдөгү №1 колонияда чыккан чуу токтотулду. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 26-январда Чүйдүн Молдовановка айылындагы№1 түзөтүү мекемесинде болжол менен 50-60 адамдан турган соттолгондордун тобу мекеменин кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбестик көрсөткөн.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам жана режимдик иш-чаралардын натыйжасында, анын ичинде жалпы тинтүү, топтун баш ийбөөчүлүгүнүн башкы уюштуруучулары жана үгүттөөчүлөрү аныкталып, обочолонду.

Иш-чаранын жүрүшүндө 11 грамм баңги заты, 22 уюлдук телефон, 120 даана кесүүчү-саюучу буюмдар, курамында спирт бар колго жасалган 1 л зат жана 146 даана ар кандай буюмдар табылып алынды.

Аталган фактылар боюнча МКЖ АМСна каттоо жүргүзүлүп, тергөө иштери башталды. №1 түзөтүү мекемесинде кырдаал туруктуу, мекеме штаттык режимде иштеп жатат.

Жазаларды аткаруу кызматы тарабынан соттолгондордун кылмыштуу уюмдарына жана башка деструктивдүү топторуна каршы күрөшүү, ошондой эле пенитенциардык мекемелердеги жазык-криминалдык субмаданиятты жоюу боюнча системалуу иштер улантылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн