Бугу 13, 2025
Убакыт: 18:15
USD
87.30
87.80
EUR
96.80
97.80
RUB
1.060
1.100

Чүйдө менчиктештирилип кеткен 307 га жер мамлекетке кайтарылды

13.05.2025 13:45
22
Чүйдө менчиктештирилип кеткен 307 га жер мамлекетке кайтарылды


Аламүдүн районундагы 307 гектар айыл чарба жери мамлекеттин карамагына өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 


Маалыматка ылайык, 1994-жылдагы президенттин жарлыгынын негизинде аталган жер тилке Ленин заводунун жумушчуларына берилген.


"Жер ээлеринин көпчүлүгү ар кандай себептер менен өлкөдөн көчүп кетишкен же каза болушкан. Жергиликтүү органдар тийиштүү көзөмөл кылбагандыктан жер 49 жылга ижарага берилип, андан соң сатылып кеткен", — деп айтылат маалыматта. 


Көрүлгөн чаралардын натыйжасында А.Сыдыков айыл өкмөтүндөгү 307 гектар жер мамлекеттин балансына өткөрүлгөнү кошумчаланды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн