Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 16:50
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Чүй облусунун аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Чүй облусунун аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды



Түндө Чүй облусунун аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. 


Сейсмология институтунун маалыматына ылайык кечээ, 5-апрелде саат 21:14тө өлкө аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Чүй облусунун Кемин районунун Кайыңды, Тар-Суу, Кароол-Дөбө айылдарында – 3,5 баллга жеткен.


Ал эми Кемин районунун Тегирменти, Шабдан айылдарында, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында, Ысык-Көл районунун Сары-Камыш, Тору-Айгыр айылдарында, Тоң районунун Көк-Мойнок айылында – 3 баллга чейин сезилген. 


Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн