Кулжа 14, 2025
Убакыт: 10:21
USD
87.30
87.80
EUR
100.40
101.40
RUB
1.085
1.120

Чүй, Жалал-Абадда чабылбаган буудай жана арпа күйүп кетти

14.07.2020 09:54
1622
Чүй, Жалал-Абадда чабылбаган буудай жана арпа күйүп кетти


Чүй, Жалал-Абад облустарында чабылбаган буудай жана арпа талаалары күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка караганда, Жайыл районунун Алексеевка айылындагы эгин талаада 35 га чабылган жана 5 га чабылбаган буудай күйгөн.


Ошондой эле Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айыл аймагындагы Беш-Бадам айылында ачык аянтта 5 га куураган чөп, 30 сотык буудай жана 60 сотык арпа күйгөн. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн