Кулжа 17, 2025
Убакыт: 07:55
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.100
1.135

Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен 35 жаштагы аялдын денеси табылды

Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен 35 жаштагы аялдын денеси табылды

12-июнь күнү Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен аялдын денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.



12-июнь күнү И.Элебесов көчөсүндө Чоң Чүй каналына 1985-жылы туулган И.Е. аттуу аял киши чөгүп кеткен.


Бүгүн жерине издөө иштерин жүргүзүүгө саат 10:15те Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 4, Сокулук райондук №23 ӨКБдан 4, Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 3, жалпы 11 куткаруучу тартылган.


Издөө иштеринин натыйжасында саат 13:05те маркумдун жансыз денеси куткаруучулар тарабынан И.Элебесов көчөсүндө Чоң Чүй каналынан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн