Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 05:12
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Чет өлкөлөрдөн кайта албай жаткан 137 жаран Кыргызстанга жеткирилди, -ТИМ

23.03.2020 12:33
732
Чет өлкөлөрдөн кайта албай жаткан 137 жаран Кыргызстанга жеткирилди, -ТИМ


Соңку эки күндө Кыргызстандан чет мамлекеттерге эс алганы кетип, кайта албай жаткан 137 жаран алынып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлады.


Маалыматка ылайык, 22-23-мартта Кыргызстандын Туроператорлор ассоциациясы менен бирге казак тараптын жардамы менен Египеттен 126, Таиланд 11 турист келди.


Казакстандын Алматы эл аралык аэропортуна учуп келген кыргызстандыктар атайын транспорт менен дарыгерлердин коштоосунда Бишкекке жеткирилип, баары дарыгерлердин көзөмөлүнө алынды.


23-мартта саат 09:00гө карата Кыргызстанда адамдар коронавируска чалдыккан жаӊы учур катталган жок. Корнавирус жуктургандардын саны жалпы өлкөдө 14 киши. Алар - алты эркек, сегиз аял. Алардын арасынан 71 жаштагы бейтаптын оң жак өпкөсү сезгенип, реанимацияга түшкөнү маалымдалды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн