Чын курандын 26, 2025
Убакыт: 12:48
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Чет өлкөдө катталган автоунааларды Кыргызстанга ташып келүүгө тыюу салынды

21.04.2025 09:00
208
Чет өлкөдө катталган автоунааларды Кыргызстанга ташып келүүгө тыюу салынды


Чет өлкөдө катталган жана идентификациялык номери жок автоунааларды Кыргызстанга киргизүүгө тыюу салынды.


Тийиштүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 17-апрелде кол койду.


Маалыматка ылайык, аталган документ 3-майдан тарта күчүнө кирет.


Чет өлкөдө катталган автотранспортту ташып кирүү/ алып чыгуу жана эксплуатациялоо тартиби:

КРдин жарандарына башка мамлекетте каттоодон алынбаган транспорт каражаттарын өлкө аймагына айдап кирүүгө (ташып кирүүгө) тыюу салынат. Анын идентификациялык номери жок болсо да Кыргызстандын аймагына кирүүгө (ташып кирүүгө) тыюу салуу үчүн негиз болот;

- транспорт каражаты эл аралык өткөрмө пунктулары аркылуу киргизилип, чыгарылат;

- чек арадан өткөрүү үчүн унаанын номери, маркасы, модели, түрү, идентификациялык номери жана каттоо күбөлүгү суралат. Бул документтери жоктор чек арадан өткөрүлбөйт;

- унааны чек арадан өткөрүүдө кошумча айдоочулук күбөлүк жана транспортко ээлик кылууга укук берген документ керектелет. Эгер унаа издөөдө болсо ИИМге өткөрүлөт;

- үчүнчү мамлекеттерден алып келинген транспорттор бажы көзөмөлүнө алынат, ал эми ЕАЭБдин ички чек араларында — товарларды эсепке алуу пунктуна которулат;

- аталган унаалар мамлекеттик каттоодон, милдеттүү техникалык кароодон өтүп, камсыздандырылгандан кийин гана пайдаланууга уруксат берилет;

- чет элдиктер башкарган унаалар алты айга чейин каттоосуз пайдаланылат, бирок 90 күндөн кийин техникалык кароодон өтүшү шарт. Ал эми жарым жылдан кийин унаа 30 күндүн ичинде өлкөдөн чыгарылышы зарыл;

- коопсуздукка коркунуч жараткан бузук унааларга жолдо жүрүүгө тыюу салынат. Бул тыюу унаа оңдолгуча күчүндө болот.


Эске салсак, Кыргызстанда чет өлкөлөрдөн ташылып келген жана каттоодо турган автотранспорт каражаттарын мыйзамдаштыруу өнөктүгү жүрүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн