Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 09:52
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.045
1.090

Чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракеттенген пакистандык жарандар кармалды

21.05.2024 16:39
241
Чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракеттенген пакистандык жарандар кармалды


Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракеттенген пакистандык жарандар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте 20-майда саат 03:30да «Васильевка» чек ара заставасынын жоопкерчилик аймагынан, Казакстан тарабынан Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү аракети учурунда, Пакистандын 6 жараны кармалды.

Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылуу фактысы боюнча УКМКнын тергөө бөлүмү тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 378 жана 37-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган чет өлкөлүк жарандар КР Жазык-процесстик кодексинин 96-беренеси боюнча Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда аталган фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн