Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 16:36
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Чек арада абал чыңалуу бойдон калууда, Максат айылында ок атылды деген маалымат чындыкка дал келбейт

21.09.2022 19:41
472
Чек арада абал чыңалуу бойдон калууда, Максат айылында ок атылды деген маалымат чындыкка дал келбейт

2022-жылдын 21-сентябры саат 19:00гө карата мамлекеттик чек аранын Баткен облусундагы кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал чыңалуу бойдон сакталып турат. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы билдирет.


Маалыматка ылайык, бүгүн, 18:20дан 18:50гө чейин Кыргызстандын Баткен районундагы Достук айылынын тушунда Тажик Республикасынын аймагында эки жолу ок атылган.


"Лейлек районунун Максат айылында жарандардын унааларына ок атылды делген жана Баткен районунун Достук айылында ок атылды деген маалымат чындыкка дал келбейт", - деп айтылат маалыматта.


КР УКМКнын Чек ара кызматы жарандарды социалдык түйүндөрдөгү ишеничсиз басылмалар жана ар кандай ушак-айың кептер менен коомчулуктун тынчын албай, тиешелүү органдар менен болгон маалыматтарды тактап чыгууга чакырат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн