Кулжа 17, 2025
Убакыт: 11:10
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.100
1.140

Чаткалда 9-май күнү жоголгон 18 жаштагы бала аман-эсен табылды

13.05.2022 10:48
880
Чаткалда 9-май күнү жоголгон 18 жаштагы бала аман-эсен табылды

Чаткалда дайынсыз жоголгон бала аман-эсен үйүнө кайтып келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, 9-май күнү Чаткал районундагы Жаңы-Базар айылынын 2004-жылы туулган Д. уулу Ө. аттуу тургуну үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.


Издөө иштерин жүргүзүү үчүн 3 куткаруучу, ИИМден 6 кызматкер жана туугандарынан 30 адам тартылган, натыйжа болгон эмес.


Кечээ, 12-май күнү саат 23:00 чамасында жогоруда аты аталган бала аман-эсен үйүнө кайтып келген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн