Кулжа 14, 2025
Убакыт: 16:44
USD
87.30
87.80
EUR
100.40
101.40
RUB
1.085
1.120

Чаткалга кирүүгө тыюу салынды

04.05.2020 14:06
1168
Чаткалга кирүүгө тыюу салынды


Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 7 адамдан коронавирус илдети аныкталып, аймакка кирүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу 4-майда болгон брифингде Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов айтты.


“Бүгүнкү күндөн тартып Чаткал районуна жарандарды киргизүүгө тыюу салдык. Ошондой эле Чаткал районунда коронавирус илдетине кабылган 7 учур катталгандыктан, жергиликтүү элге медицина кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү”, - деди Мирзахмедов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн