Кулжа 14, 2025
Убакыт: 16:22
USD
87.30
87.80
EUR
100.40
101.40
RUB
1.085
1.120

Чаткал жана Токтогулда кар көчкү түштү

19.03.2020 10:32
847
Чаткал жана Токтогулда кар көчкү түштү


Жалал-Абад облусунун Чаткал жана Токтогул райондорунда кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.


Маалыматка ылайык, Чаткал районунун Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 6-чакырымында жана 4-9-чакырым аралыгында кар көчкү түшүп, унаа жолу жабылган.  Окуя болгон жерге 1 жүктөгүч, 1 бульдозер тартылып унаа жол толук тазаланып ачылган.


Ошондой эле, Токтогул районунун Толук-Торкент унаа жолунун 67-чакырымында кар көчкү түшүп, унаа жолу жабылган. Техникалардын жардамында унаа жол толук тазаланып ачылган.


Көчкүлөрдөн жабыркагандар жок.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн