Чын курандын 26, 2025
Убакыт: 12:38
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Бюджеттик кодекске өзгөртүүлөр киргизилди

21.04.2025 16:35
188
Бюджеттик кодекске өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Садыр Жапаров “КР Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамгаа кол койду.


Мыйзам 2025-жылдын 13-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.


Мыйзамда төмөнкүдөй ченемдер каралаган:


1) кепилчилик – эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдардын алдындагы улуттук экономика субъекттеринин милдеттенмелерин аткарылышын камсыз кылуу механизми;


2) республикалык бюджеттин кирешелеринде Министрлер Кабинетинин өзүнчө чечимдерине ылайык республикалык бюджеттин салыктык эмес кирешелеринин эсебине түшкөн каржылык эмес активдердин наркы эсепке алынат.


3) республикалык бюджеттен каржылануучу пенсияларды, жөлөкпулдарды жана компенсациялык кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүгө чыгашаларды каржылоо республикалык бюджеттен каралат;


4) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган коммерциялык банктарда эсептерди ачууга бюджеттик мекемеге турукташтыруу фондунун акча каражаттарын пайдалануу жөнүндө чечимдер кабыл алынганда уруксат берүүгө укуктуу;


5) корголгон беренелерди кыскартууга төмөнкү учурлардан тышкары жол берилбей тургандыгы тууралуу ченем каралган, алар:


– бюджеттик мекемелерде бош орундардын түзүлүшү;

– бюджеттик мекемелердин штаттык санынын өзгөрүшүнө алып келген ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу;

– бюджеттик тутумдун бюджеттерин аткаруунун жүрүшүндө алынган чыгашаларды үнөмдөө;


6) бюджетти аткаруу процессинде министрлер кабинети белгилеген тартипте кайтарып берүү негизинде атайын эсептерде топтолгон каражаттарды республикалык бюджеттин чыгашаларына убактылуу алып коюуга жол берилет;


7) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн маалымат такталарына, расмий сайттарына, социалдык баракчаларына жана коммуникация каражаттарына башка каражаттарына төмөнкүлөр бекитилгенден (жактырылгандан) кийин 15 күндүн ичинде аларды жайгаштырууга милдеттүү:


– жергиликтүү бюджеттердин долбоорлору;

– бекитилген жергиликтүү бюджеттер;

– жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы жөнүндө жылдык отчеттор.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн