Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 05:10
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Бүгүнтөн тарта дагы эки автобус каттамы иштей баштады

10.07.2024 09:10
253
Бүгүнтөн тарта дагы эки автобус каттамы иштей баштады


Бүгүн, 10-июлдан тарта Бишкек шаарында №25, жана №175 муниципалдык автобус каттамдары иштеп баштайт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, №25 муниципалдык автобустун акыркы аялдамасы "Ала-Тоо" жана "Кара-Жыгач" конуштарында жайгашат. Күн сайын 22 автобус каттамга чыгат. Орточо аралык 10 мүнөттү түзөт.

Ал эми №175 муниципалдык автобустун акыркы аялдамасы шаардын жогорку бөлүгүндөгү "Жаштар кварталында" жана "Маевка" айылында жайгашат. Күн сайын 20 автобус каттамга чыгат. Орточо аралык 10 мүнөттү түзөт.

Белгилей кетсек, аталган автобус каттамдары шаардыктардын кайрылууларынын негизинде киргизилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн