Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 09:32
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.045
1.090

Бүгүндөн тарта Бишкектин Орозбеков көчөсү жабылды

20.07.2022 09:56
580
Бүгүндөн тарта Бишкектин Орозбеков көчөсү жабылды


Бүгүн, 20-июлдан тарта Бишкектин Орозбеков көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында Кытайдын гранттык каражаттарынын эсебинен Орозбеков көчөсүнүн Түгөлбай-Ата көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки тилкесин реконструкциялоо пландалууда.

"Аталган тилке жабылып, Разаков жана Панфилов көчөлөрү унаалар өтүүчү альтернативалык жол болот", - деп белгилешти муниципалитеттен.

Бишкек мэриясы шаардыктардан жана шаар конокторунан жүргүзүлүп жаткан жол иштерине түшүнүү менен мамиле жасап, каттамды алдын ала пландап алууну суранат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн