Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 06:07
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Бүгүн Эгемендүүлүк күнүнө карата Ала-Тоо аянтында чоң концерт өтөт

31.08.2024 13:39
395
Бүгүн Эгемендүүлүк күнүнө карата Ала-Тоо аянтында чоң концерт өтөт


Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата кыргызстандык жана чет элдик эстрада жылдыздарынын катышуусунда гала-концерт өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, концерт Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында саат 20:00дө “дрондордун шоусу” менен башталат.

Анда кыргыз эстрада жылдыздары Мирбек Атабеков, Нурлан Насип, Бек Борбиев, Гүлнур Сатылганова, Гүлзинат Суранчиева жана Омар, казакстандык Роза Рымбаева, россиялык Стас Михайлов, Люся Чеботина жана Филипп Киркоров, кыргызстандык Амирчик, швециялык Боссон тобу, италиялык In-Grid өзүнүн балет тобу кыргызстандыктарга майрамдык маанай тартуулашат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн