Бугу 19, 2025
Убакыт: 15:45
USD
87.30
87.80
EUR
98.00
99.00
RUB
1.080
1.110

Будапештте ТМУ мамлекет башчыларынын бейрасмий саммити өтөт

19.05.2025 11:05
18
Будапештте ТМУ мамлекет башчыларынын бейрасмий саммити өтөт


20-21-майда Венгриянын борбору Будапешт шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын бейрасмий саммити өтөт. Бул тууралуу ТМУнун катчылыгынан билдиришти.


Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын төрагалыгында өтө турган саммитке Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстандын президенттери, ошондой эле байкоочу мамлекеттердин өкүлдөрү жана уюмдун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев катышат.


Саммит ТМУ тарыхында биринчи жолу байкоочу мамлекет тарабынан уюштурулуп жатканы менен өзгөчөлөнөт жана Венгриянын түрк мамлекеттери менен ар тараптуу кызматташууну тереңдетүүдөгү туруктуу ролун баса белгилейт.


"Чыгыш менен Батыштын жолугуу түйүнү" темасы алдында өтө турган бейрасмий саммит мамлекет башчылары үчүн артыкчылыктуу тармактар боюнча кызматташууну өнүктүрүү, аймактык жана дүйнөлүк деңгээлдеги жалпы маселелерди талкуулоо үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк болот.


Саммиттин жыйынтыгында Түрк мамлекеттер уюмунун жалпы көз карашын жана стратегиялык багытын тастыктаган Будапешт билдирүүсүн кабыл алуу, ошондой эле бир катар маанилүү чечимдер менен демилгелерди коомчулукка жарыялоо күтүлүүдө.


Бейрасмий саммиттин алдында ТМУнун Тышкы иштер министрлер кеңеши Будапешт шаарында чогулуп, саммиттин күн тартибин жана Мамлекет башчыларынын кароосуна сунуштала турган документтердин жыйынтыктоочу вариантын даярдашат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн