Кулжа 14, 2025
Убакыт: 10:17
USD
87.30
87.80
EUR
100.40
101.40
RUB
1.085
1.120

Блогер Элмир Сыдымановго коюлган айып алынды

10.03.2021 15:00
876
Блогер Элмир Сыдымановго коюлган айып алынды

Блогер Элмир Сыдымановго коюлган айып алынгандыгын Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сыдыманов тергөө органы тарабынан Жазык-процессуалдык кодексинин 313-беренесинин 1-бөлүгү менен айыпталган.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 4-февралында Instagram соцтармагында Sydyman аттуу колдонуучу ыплас сөздөрдү колдонуп, аймактар аралык кастыкты (араздашууну) козутууга, улуттук ар-намысты кемсинтүүгө багытталган сөздөрдү айткан.

Соттук отурумда жактоочу тарабынан комиссиялык соттук-лингвистикалык экспертиза дайындоо өтүнүчү келтирилип, аталган өтүнүч мамлекеттик айыптоочу тарабынан колдоого алынган.

"Соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык, Сыдымановдун аракетинде аймактар аралык кастыкты (араздашууну) козутууга, улуттук ар-намысты кемсинтүүгө багытталган аракеттер аныкталган жок", - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн