Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 16:04
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Быйыл "Ала-Тоо" аянтында жаңы жылдык салют атылбайт

06.12.2024 15:05
324
Быйыл "Ала-Тоо" аянтында жаңы жылдык салют атылбайт


Быйыл "Ала-Тоо" аянтында жаңы жылдык салют атылбайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.


Буга чейин Жараталыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги кыргызстаныктарды жаңы жылдык салюттарды аттырбоого, пиротехникалык каражаттарды колдонбоого чакырган.


"Салют аттырганда зыяндуу заттар бөлүнүп, аба булганат. Мындан тышкары, колдонулган салюттардан ири көлөмдө таштанды чыгып, көп акча коромжу болот", — деп жазылган маалыматта.


Министрлик майрамдык иш-чараларды салют аттырып, экологияны булгабай эле диоддук жарык, голограммалар менен майрамдык атмосфера түзсө болорун белгиледи.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн