Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 14:55
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.055
1.090

Быйыл Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата массалык иш-чаралар өтпөйт

28.04.2020 16:15
1166
Быйыл Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата массалык иш-чаралар өтпөйт


Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу биз 9-майда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата массалык иш-чараларды өткөрө албайбыз, деп баса белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-апрелде чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында.


Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчысы акыркы жылдары элдин кеңири колдоосуна ээ болгон массалык акция —  «Өлбөс полк» иш-чарасын онлайн форматта өткөрүү сунушталып жатканын кошумчалады.


Ошону менен бирге Сооронбай Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана тылдын катышуучуларына, өткөн жылдардагыдай эле, өзгөчө көңүл бөлүнөрүн, жалпыга маалымдоо каражаттарында Улуу Жеңишке арналган долбоорлор кеңири чагылдырыларын белгиледи.

 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн