Чын курандын 26, 2025
Убакыт: 16:38
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Быйыл Караколдогу ипотекалык үйлөр пайдаланууга бериле баштайт

15.04.2025 09:22
380
Быйыл Караколдогу ипотекалык үйлөр пайдаланууга бериле баштайт


Быйыл Караколдо ипотекалык үйлөрдүн алгачкылары пайдаланууга берилет. 


Бүгүн Каракол шаарындагы ипотекалык үйлөрдүн курулушу менен президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев таанышып чыкты.


Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Каракол шаарынын башкы планынын негизинде 30 гектардан ашуун аймакта 69 көп кабаттуу үй курулууда. Жалпы 3105 батир пландалган.


Каныбек Туманбаевдин айтымында, быйыл алгачкы үйлөр толук бүткөрүлүп, батирлердин ачкычтары жаңы ээлерине тапшырылат. Курулуш иштери кызуу улантылып, жыл аягына чейин бир нече үй жарандарга берилери күтүлүүдө.


"Бул — мугалимдерди, дарыгерлерди жана үйгө муктаж жарандарды турак жай менен камсыз кылууга багытталган мамлекеттик социалдык долбоор", - деди ал.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн