Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 05:40
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Бишкекти сугат суу менен камсыз кылуу максатында 6 скважина казылууда (даректери)

13.06.2023 12:40
423
Бишкекти сугат суу менен камсыз кылуу максатында 6 скважина казылууда (даректери)


Бишкек шаарынын суусу аз аймактарын сугат суу менен камсыз кылуу үчүн шаарга жаңы 6 скважина куруп, бургулоо пландалууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, скважиналарды Профсоюз-Нарвская, Л.Толстой-Логвиненко, Жайыл-Баатыр-Чортеков, Ахунбаев-Көк-Жаңгак, Ауэзов-Анкара көчөлөрүнө, Театр гүл бакчасына бургулоо пландалып жатат.

Учурда Профсоюз көчөсүндө жаңы скважинаны бургулоо иштери башталды, анын тереңдиги 120 метр, кубаттуулугу секундасына 65 метр куб сууну, бул секундасына 17 литрди түзөт.

Бул скважинанын аркасында Профсоюз көчөсү жолдун эки тарабы толугу менен сугарылат.

Бул багыттагы иштер «Бишкек суу чарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан улантылмакчы.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн