№31 мектептеги кыздын өлүмү боюнча кылмыш иши козголуп, окуучулар менен мугалимдер суралып жатканын ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов парламенттин жыйынында билдирди.
"Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Байкабастыктан адамдын ден соолугуна оор залал келтирүү же өлүмгө алып келүү" беренеси менен иш козголду. Бүгүнкү күндө соттук-медициналык, соттук-биологиялык жана башка экспертизалар дайындалды. Күбө катары мектеп окуучулары, мугалимдер суралып жатат. Экспертизалар аяктагандан кийин толук маалымат беребиз", — деди Урмамбетов.
Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева тергөөдө мугалимдердин, директордун күнөөсү далилденсе жоопкерчиликке тартылышарын айтты.
Эске салсак, 15-апрелде №31 мектептин 7-классынын окуучусу каза болгон. Кызды классташы чаап жибергени айтылууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн