Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 09:28
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.045
1.090

Бишкектеги инфекциялык оорукананын курулуш иштери кандай жүрүүдө?

05.09.2020 11:30
906
Бишкектеги инфекциялык оорукананын курулуш иштери кандай жүрүүдө?

Бишкек шаарындагы эксперименттик тез тургузулуучу инфекциялык оорукананын курулушунун даярдыгы 65%ды түзөт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, 100 орунга эсептелген объекттин курулушу 4 блоктон турат.

Азыркы учурда:

1-блок боюнча: жер казуу жумуштары 100% аяктады, пайдубалы, сырткы дубалдар, дубалдарды жылуулоо, ички канализация, полдорду түздөө, чатырдын жана фермалардын темир кострукциясын монтаждоо жумуштары аткарылды. Ошондой эле ички дубалдарды гипсокартон менен каптоо 80%, ал эми ички электр куроо 95% ды түзөт.

2-блок боюнча: жер казуу жумуштары 100% аяктады, пайдубал, жылуулоо, ички канализация, пол түздөө жана чатырдын жана фермалардын темир конструкциясын монтаждоо жумуштары аткарылды. Сырткы дубалдарды көктөө - 95%, ал эми ички дубалдарды көктөө -75% аткарылды.

3-блок боюнча: жер казуу жумуштары 100% аяктады, пайдубалы, сырткы дубалдар, дубалдарды жылуулоо, ички канализация, полдорду түздөө, фермалардын темир конструкциясын монтаждоо жумуштары аткарылды. Ошондой эле тышкы, ички дубалдардын көктөө боюнча жумуштар жүрүп жатат.

4-блок боюнча: 100% жер иштери бүткөрүлгөн. Ошондой эле темир колонналарды жана ригелдерди орнотуу аяктап калды жана ички сантехникалык түтүктөрдү төшөө 50%га даяр.

Курулуш иштерине 105 жумушчу тартылган. Объектти курууга Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду тарабынан 60 млн сом каржыланды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн