Чын курандын 26, 2025
Убакыт: 16:30
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Бишкектеги ботаникалык бак реконструкцияланат

07.04.2025 17:25
300
Бишкектеги ботаникалык бак реконструкцияланат


Президенттин тапшырмасы менен Бишкек шаарындагы ботаникалык бакта оңдоо жана калыбына келтирүү иштери башталды. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди.


Анын айтымында, көп жылдан бери кароосуз калган бул аймак, тилекке каршы, коопсуздугу начарлап, кылмыштар көп катталган жерге айланып калган экен. Жакында эле жапайы жаныбарлар, анын ичинде чөөлөр дагы бул аймакты байырлап калган учурлар катталды.


Туманбаев белгилегендей, эми аталган бакчага көңүл бурулуп, айлана-тегереги иретке келтирилет. 

Тосмолор алынып, жарыктандыруу системасы орнотулат, тротуарлар жаңыланып, шаар тургундары менен коноктору үчүн сейилдеп, эс ала турган коопсуз жана жагымдуу шарттар түзүлөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн