Бишкектеги Панфилов паркы үч айга ачылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Кыргызстандын базарлар, соода жана кызмат көрсөтүүлөр ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев жана бизнес-коомчулугу менен болгон жолугушууда белгилүү болду.
Мэриядан билдиришкендей, ишкерлердин кайрылуусунун негизинде борбор калаа башчысы май майрамдарына карата Панфилов атындагы сейил багын ачууну тапшырды.
Парктын администрациясына да 3 ай иштөөгө уруксат берилди, бирок шарттарды түзүү менен объекттин аймагындагы бардык аттракциондор талапка ылайык келтирилип, көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп, бардык санитардык нормалар сакталышы зарыл экендиги белгиленди.
Эскерте кетсек, буга чейин аталган паркта аттракциондон кулап кеткен эки учур катталып, шаардык кызматтар тарабынан бир нече жолу эскертүүлөр берилген жана Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчикти башкаруу департаменти экинчи окуядан кийин «Детские развлечение» ЖЧКсы менен ижара келишимин бузган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн