Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 17:47
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Бишкекте жарылуучу заттар, тапанча, ок-дарылар катылган жер аныкталды

09.09.2021 12:39
906
Бишкекте жарылуучу заттар, тапанча, ок-дарылар катылган жер аныкталды


2021-жылдын 8-сентябрында УКМК тарабынан ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жарылуучу заттарды мыйзамсыз колдонууга багытталып жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, Бишкек шаарынын аймагынан курал-жарак жана ок-дарылар катылган жер табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.


Жашырылган жерден 1 даана Ф-1 жарылуучу заты, “7,62 мм” калибрдеги ок-дарылар жана «ПМ» маркасындагы номерлери өчүрүлгөн тапанча алынды.  


Алдын ала маалыматтар боюнча, алынган курал жана ок-дарылар кылмыштуу элементтерге таандык болушу мүмкүн.


Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бул бекитилген жерди уюштурган адамдарды, жана ошондой эле куралдар жана ок-дарылар коюлган башка жерлерди аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.


Тергөө иштери жүрүп жатат.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн