Бугу 23, 2025
Убакыт: 20:13
USD
87.30
87.80
EUR
98.60
99.60
RUB
1.095
1.125

Бишкекте жаңыланган мамлекеттик билим берүү стандарттары расмий түрдө тааныштырылды

23.05.2025 13:09
23
Бишкекте жаңыланган мамлекеттик билим берүү стандарттары расмий түрдө тааныштырылды


Бүгүн Бишкек шаарында өткөн Педагогикалык форумдун алкагында "Жаңы багыттар: 12 жылдык билим берүүгө өтүү жана "Алтын казык" программасы – билим берүүнүн сапатынын негизги көрсөткүчү" урааны менен жаңыланган мамлекеттик билим берүү стандарттары расмий түрдө тааныштырылды.


Агартуу министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова жана ЮНИСЕФтин Европа жана Борбор Азия боюнча аймактык директору Реджина Де Доминичис катышты.


Жаңыланган стандарттар – бул Кыргызстандын билим берүү тутумундагы окуу программаларын түзүүнүн негизин түзгөн улуттук алкак. Алар ар бир баланын сапаттуу билим алышын камсыздоого багытталып, балдардын заманбап дүйнөдө ийгиликтүү жашоосу жана өнүгүүсү үчүн зарыл болгон билим, көндүм жана компетенттүүлүктөрдү калыптандырууга багытталган.


Жаңы стандарттар мектепке чейинки тарбиядан тартып орто билимге чейинки бардык деңгээлдерди камтыйт жана өлкө боюнча 1,4 миллиондон ашуун балага эсептелген. Аларды ишке ашырууда Билим берүү жана илим министрлигине жана Кыргыз билим берүү академиясына техникалык колдоо көрсөткөн ЮНИСЕФтин салымы чоң болду.


Билим берүү – балдардын келечегин жана бүтүндөй өлкөнүн потенциалын аныктаган фактор. Жаңы билим берүү стандарттары – Кыргызстан үчүн адам капиталын өнүктүрүүдөгү стратегиялык инвестиция. Билим берүү системасын эл аралык деңгээлге шайкеш келтирүү менен өлкө Баланын укуктары жөнүндө конвенциядагы милдеттенмелерин аткарып, жаш муунду инновациялар менен туруктуу өнүгүүгө даярдоодо", – деп билдирди Реджина Де Доминичис.


Стандарттарды жаңылоо "Алтын казык" аттуу кеңири камтылган билим берүү реформасынын бир бөлүгү болуп саналат. Бул реформага 12 жылдык билим берүү системасына өтүү, мамлекеттик билим берүү стандарттарын, окуу программаларын, методикаларды жана окуу китептерин жаңыртуу, билим берүү тармагын санариптештирүү, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн ишин оптималдаштыруу жана мектепке чейинки билим берүүнү кеңейтүү кирет.


Ошондой эле ЮНИСЕФ 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн жол картасын түзүүгө, предметтик стандарттарды жаңылоого жана мугалимдердин, ата-энелердин катышуусундагы консультацияларды уюштурууга көмөктөштү. Бул аракеттер бардык балдардын, анын ичинде аярлуу топтордун жана майып балдардын муктаждыктарын эске алган туруктуу жана инклюзивдүү билим берүү системасын түзүүгө багытталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн