Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 19:24
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Бишкекте жаңы үй-бүлөлүк медицина борбору ачылды

25.02.2025 14:37
124
Бишкекте жаңы үй-бүлөлүк медицина борбору ачылды


Бүгүн, 25-февралда Бишкектин “Чоң-Арык” конушунда жайгашкан №2 үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы филиалынын ачылышы өттү.


Мэриядан билдиришкендей, жаңы имарат бул аймактагы тургундарды сапаттуу медициналык жардам менен камсыз кылууга багытталып, 26 000ден ашуун адамга кызмат көрсөтөт. Мында дарыгерлердин кабинеттери, ЭКГ, УЗИ, рентген, физиотерапия кабинеттери, стерилизациялоо, техникалык жана чарбалык имараттар жайгашкан. Ошондой эле бейтаптар үчүн лифт жана санитардык түйүндөр каралган. Долбоордун алкагында жанаша жайгашкан аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери аткарылып, борборду заманбап гана эмес, медициналык жардам көрсөтүү үчүн ыңгайлуу жайга айландырды.


Иш-чарага Жогорку Кенештин депутаты Марлен Маматалиев, саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева, саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери жана Үй-бүлөлүк медицина борборунун жамааты катышты. 


Белгилей кетсек, бул иштер Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн, ал эми подряддык уюм катары "Эсир Компании" ЖЧКсы катышкан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн