Кулжа 16, 2025
Убакыт: 08:17
USD
87.30
87.80
EUR
100.40
101.40
RUB
1.085
1.120

Бишкекте үч күн катары менен азык-түлүк жарманкеси өтөт

01.05.2025 09:02
414
Бишкекте үч күн катары менен азык-түлүк жарманкеси өтөт


1-2-3-майда Бишкек шаарында социалдык маанилүү азык-түлүк продукциясынын жана керектелүүчү товарлардын жарманкеси өтөт. 


Жарманкени Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги уюштурууда.


Жарманке саат 09:00дөн кечки саат 19:00гө чейин уланат. Иш-чаранын максаты ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо менен бирге айыл чарба продукцияларын шаар тургундарына дүң баада сатуу болуп саналат. 


Жарманке Бишкек шаарынын Түгөлбай-Ата көчөсү, Эркиндик жана К. Тыныстанов (ЖД Вокзал) көчөлөрүнүн кесилиштеринде өтөт. 

Суроолор боюнча министрликтин кызматкерине байланышсаңыздар болот: 0702 702 000

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн